.RU

Мобу, жүк тактайдай тептегиз болуп, кырка тарткан жепирекей дөңсөөнүн алдындагы алакандай жайык Көк-Кашат деп аталат. Мунун дарегин балким ушул айылдан башка - старонка 14


— Ээленгендер өз билгенин кылышсын! Жумушубуз эмне? Бизди бирөө кыйнабаса, жайыбыздан сүрбөсө, падыша менен сүбөлөшө турган кандай жөнүбүз бар?.. Быягына да, тыягына да кошулбайбыз...

— Туура айтасың! — ак сакалы көкүрөгүн жаап турган кара сур чал күркүрөгөн дабышын чыгарып, кымкап чепкенин кымтыланып койду.

Тойматтын чекир көзү чакчая түштү. Булар кайда жүргөн үй күчүктөр? Элдин башына күн түшсө, кара жанын далдалаган кишиден кай жакшылык чыксын — деген ой менен үрпөйгөн кашы бириндей түштү:

— Мындайда ар ким керт башын калкаласа, элден эл калабы? Ошону ойлогула. Кудай берген жанды кудай алат. Тирүү болсок бир дөбөдө, өлсөк бир чуңкурда бололу! — деди ал демите сүйлөп.

Андан кийинкилердин кайсы бири Тыныбекке, кайсы бири Тойматка кошулушту.

— Бирөөлөр өлөт,— деп биз да ажалга башыбызды кармап берелиби? Болбогон сөз.— Тыныбек букжуйган мойнун толгоп, колун шилтеди.

«Ооба десең», «туура айтат» деген сүрөөлөр угулду. Элдин тагдыры кылдын учуна илинип турганда жанбактылардын кесири тиеби деп чоочулаган бий отургандар¬ды эсине келтирүү үчүн күчүн үрөп чечендикке салыпт далай сөздөрдү айтты. Бирок анын сөзү көбүнүн кулагына түшкөн жок. Ал түгүл, «сеники туура», «меники туура» деген талаш чыгып, бирок эч кимиси өз оюнун тууралыгып аныктап түшүндүрө албай, арбак кудайга сүйөнүшүп, теске көнбөгөндөрүн жемелейбиз деп уруш чыгып кете жаздап барып токтошту. Болуш жер карап отура берди. Качан гана аксакалдар айтышуудан чарчашып, бирибирине таарынышып, мурчуюшуп отуруп калганда тамагын жасады.

Тигилерге караганда азыркы кырдаалдын жайын Кудайберген жакшы билүүчү. Анын жигиттери, алыстан келген меймандар, акырында, тамыр пристав Колесников өзү да бир топ нерсенин жайын түшүндүргөн. Падышанын күчтүүлүгүн жана кыргыз элинин бириге албасын, ал өзү да жакшы түшүнүүчү. Кечээ Кененсары, Норузбай кол салганда баш кошо албаган кыргыз, бүгүн чалдыкуйду болуп, туштушка бөлүнүп кеткенде кошулабы? Башканы коюп, ушу алакандай Талас элин ким бириктире алат? Эл балким баш кошууга көнөр эле. Бирок аны ким баш коштурат? Жогору жактан эки Кудайберген, орто ченден эки Үзөн (бала Үзөн, чоң Үзөн), төмөнтөн Ыймамбек, Ташкаранын ар кимиси мен башчы болсом деп жутунушат. Башканы коюп, ушу отурган Кызылбаш көзү тирүүсүндө өлүп баратканда тизгинин эч кимге бергиси жок. Андан көрө өлгөнүн артык көрөт.

Талас ушундай ала болгондон кийин, кыргыздын башка уруулары бириге албасы ага бештен белгилүү. Жалаң эле Кызылбаштын өзү Кетмен-Төбөлүк еаяк менен ыркы жок, Сарбагышка таарынчы бар, солто менен гана таттуу эле алардын атактуу болушунун уулун салам айтпай айылдын жанынан өтүп баратканы үчүн кыштын чилдесинде кар үстүнө отургузуп койгондон бери, солто менен да араз.

Бул бир жагы. Экинчиден падыша өкмөтү менен тийиштик кылуу жагынан да Таластын манаптары унутулгус сабак алышкан. Бир көзде, кыргыздар Россиянын составына кирип, тоо эли мамлекеттик бийлик, закон кандай болорун жакшы түшүнө элек көзде биринчи жолу болуш шайлоо башталат. Ал көзде Таластын ири манабынын бири Сатылган датка болгон. Сатылган байлыгы, каардуулугу жана куулугу менен таанылган. «Оруска болуш болгондор динден чыгат экен» деп, башка манаптарды коркутуп, болуштукка өзү шайланат да, элге салык, чыгымды көп чыгарып, муну бербесеңер чочко кайтартат — деп баарын коркугат. Өзүмчүлүктүн амалы менен өз уруусу бүт бай болот. Ошондон кпйин башка манаптар алданганын билипшп, болуштукту талаша башташат...

Кийинчерээк, Жанкороз деген болуш даңкы таш жарып чыгат. Падышалык бийлик эмне экенине баа бербей кайратына ишенип өз билгенин кылат. Чыгым салуу, кун төлөтүүн^ өз бетинче жүргүзөт; молдо, дубана, кожолордун элден жыйнагандарын тартып алат... Анын законду ою келгендей бузгандыгы жөнүндө оёзго арыз түшөт... Жанкороз калың элдин көзүнчө оёздун алдында суралат. Анткени оёз аны көпчүлүктүн көзүнчө шерменде кылып, мындан ары эч ким законду бузгус кылмак болот. Жанкороз заңкайган чоң киши экен. Аны стулга стургузушканда, оордугуна чыдабай орундуктун баары качырап сына берет. Акыры издетип жүрүшүп, болуштун өзүнө окшош олчойгон чоң кресло алып келип, отургузушкандан кийин кресло кычырап барып сынбай калат.

Оёз погондорун жаркылдатып, анын бет алдында отуруп, бир гана суроо берет:

— Сени чектен чыккан бузук дешет. Ушул ыраспы? Эл жарданышып Жанкороз менен оёздун оозун тик

тешет.

Жанкороз тартынбай жооп кайтарат:

— Эгер элдин айтканына ишенгиң келсе, мени «бузук» дешет, а сени «торгойдон келген мужук» дешет.

Тилмеч төкпөйчачпай сөздү бир тилден бир тилге которуп турат.

Оёз сөзгө сынат. Анткени ал торгой казактары тараптан келген чиновник, теги төмөнкү катмардан эле.

— Бар, кете бер! — дейт да оёз жолуна түшөт. Ошондон кийин болуштун залимдиги ого бетер күчөйт. Бирок кечикпей улукка кайрадан суралат. Бул жолу татар оёз сурайт. Ал чыканактай гана кичинекей киши экен. Мурда улукту сөзгө жыгып текебери күчөп калган неме, буларды экинчи жолу мага жологус кылайын дейт да, оёзго катуу сүйлөйт:

— Торгойдон келген мужук беттеше албаган Жанкорозду чыканактай болгон татар сурайт имишпи? — Жанкороз кээрдүү сөзү аз келгенсип, оёзду төшкө чоң муштум менен шилтейт. Эпейген оёз үчтөрт ала салып кетет, Жаалап турган куралдуу солдаттар болуштун колун артына байлашып, айдап кетишет. Ал он жылга кесилип, Сибирге айдалат...

Россия менен кошулганга чейин кыргыздын манап¬тары башкарып турган хандарга жана алардын өкүлдөрүнө көзинде тийиштик кылбай койгон эмес. Бирок айыбын төлөп, кутулуп кетүүчү. Жанкороз да оёзду ургандыгы үчүн көп болсо айыпка жыгылып, чыгымын төлөп, кутулуп кетем деп ойлогон.

Жанкороздун окуясынан кийин Таластын манаптары падышалык бийликтин өкүлдөрү менен экинчи жолу тамашалашпай турган болот. Мына ошондойлордун бири— ушу Кудайберген.

Ушу кырдаалдын баары Кызылбаштын көңүлүндө эле. Бирок ал жөнүндө айтууну туура көргөн жок. Анын ою башкада.

Бүгүнкү сөз элге жайылбай койбойт. Балким улуктарга да жетер. Бул үйдө падышага кыяпат боло турган сөз чыгышы коркунучтуу. Тетирисинче, элди тартипке чакыргандыгы жөнүндө сөз тараганы пайдалуу. Эгерде, шарт өзгөрсө, дагы ылайыгына жараша иш кылар.

— «Падыша кудаа эмес, кудаадан жудаа эмес». Ага катылган соо калбайт. Азырынча кажыкужу жок, жайжайыңарга тарагыла... Күбүршыбырды токтоткула... Айылдагы терсаяктарды теске салып, чыгымга калбаска бүтүрүп жибергиле... Биздин иштер ишибиз ушул. Калганын көрө жатарбыз.

Карыялар унчугушпай угушту. Тоймат шылк дей түштү. Болуш менин сөзүмдү колдойт — деп ойлогон эле, анткени — аны абдан кадырлачу, сөзүн кайтаруучу эмес. Бүгүн Тойматтан башка кишиге төрө чайдан татырбаганы бекеринен болгон жок. Бирок азыр урматтуу бийдин шагын эмне үчүн сындырды?

Баятан бери сөзгө катышпаган Шадыбек чыгым дегенде жандана калды:

— Эл бербей жатат. Кантип төздетебиз?

— Шадыбек, сен эң мурун өз алкымыңды тый! Бая күнү пристав келгендеги менин чыгымымдын үстүнө ар бир түтүндөн кошумча акча жыйнапсың! Акмак! Азыр жан кулактын учунда турганда кулкунуңа этият болбосоң, биринчи ок сенин чыкыйыңа кадалат. Уктуңбу? Бар. Жөнө.

Меймандар ордунан козголушканда Кызылбаш «аксакал куру кетпеңиз» деп Тойматтын үстүнө чепкен жапты. Сөзүн коштобогону менен тигилердин көзүнчө болуштан сый алгандыгы үчүн бийдин көңүлү да көтөрүлө түштү.

* * *

Айыл жымжырт. Жылдагыдай ат жарыш, көкбөрү тартуу, кыдырышып кымыз ичип, күпүлдөшкөндөр жок. Ар кайсы жерде биринсерин кишилердин күбүршыбырына караганда айылда коболоң бар.

Кызылбаш болуштун үйүнө да эч ким катташпайт.

Букар килем тартылган капшытта калыңдыгы тпзеден ашкан каткат төшөктүн үстүндө, ак шейшептүү жука шайы жууркан жамынып жаткан болуш баш жагындагы күмүш баканга илинген чаар ала жолборс терисинин жерге үч бүктөлүп, чубалжыган узун куйругун сылап ойлуу. Саргыч муруттары майланышып, таноолору дердейип, бадырайган кой көзүнөн от чачырайт. Минтип жатуу болуш үчүн адат. Үй ичинде не бир кымбат баалуу буюмдардын ичинен жалгыз гана жолборс терисин ардактайт. Аны дайыма баш жагына илдирип коюучу.

Кызылбаштын төшөктө жатканына бешинчи күн. Бирок анын оору, же соо экенин эч ким билбейт. Ал өзү оорумун деп айтпаса, «эмне үчүн жатасың» деп ким сурай алат. Ошону үчүн кишилер ага иш боюнча да, көңүлүн сурап да келе алышпайт.

Ал жашыраак күнүндө кызыл жүгүрүк менен ооруп айыккан экен. Андан бери күн бүркөлсө тула бою туташып, буту-колун аялдарына ушалатууга адат алган. Бул адаты Бурулканга үйлөнгөндөн бери ого бетер күчөгөн. Бирок азыркы жатышынын себебин башкалар түгүл, Бурулкан да билбейт. Оорусу катуу болсо табыпка түшөр эле, болбосо төшөккө мынчалык байланчу эмес.

Эмне үчүн жатканын Кызылбаш өзү гана билет. Үч күн мурда Шадыбектин букаралардан өлөрчө тепки жегенин уккан. Айылдын ээн баштары кечээ күнү дагы эки старчынды көк ала койдой союптур. Чыгым да, салык да жыйналбай калды...

Болуш оёзго киши жиберип, болгон абалдарды билдирип турду. Оёз «элге катуу чара көрбөсүн, салыктарды да кыстабай кое турсун» деп туюк жооп кайтарган. Жыйырма жылдан бери элди былкылдатпай кармаган Кудайбергендин жана асманга колу жеткен падыша өкмөтүнүн бийлиги колдо турганда букаралардын эсирип, башка чыгып кетиши ал үчүн жаман белги эле. Өзү атка минип жигиттерин шаймашай ээрчитип чыгып, ач айкырык салып, эсиргендерди эсине келтирейин десе, оёз келдирин кести. Коркок оёздун сөзүнө түкүрүп, өз

билгенин кыла берейин десе, кыжыры кайнап турган эл мени да «старчындардын кебетесине келтиреби» деп чочулайт. Эгерде үйдө жата берсе болушка үйүн кайтарттык деген ушак тароого да мүмкүн. Айласы түгөнгөн Кудайберген эски оорусун бел кылып, сырын айтпай жата турду.

Сопсоо киши төшөктө жатса, ойго эмне келбейт? Германиядан жеңилип, элдин козголоңунан коркуп, алактаган ак падышаны көз алдына элестетет... Ал тактыдан кулайт. Колуна найза, кылыч кармаган эл падышаны тоголотконуна алымсынбай, оёз, пристав, болуш жана старчындарды кууп келатышат. Кызылбаш «көзүм жамандык көрбөсүн» деп жолборстун куйругун бетине далдалай койду да, оор үшкүрдү.

Үшкүрүүнү билбеген күйөөсүнүн оорусу жүрөгүндө экендигин сергек токол сөзди. Мындай дарт ушалоо менен чыгабы. Ал ордунан туруп, күмүш самоорду кайнатып, төрө чайдан демдеди.

— Кудая шүгүр,— болуш баш көтөрүп, ичигин жамынып отурду.— Кудайдын сүйгөн пендесин киши кор кыла алабы? Элге сыр алдырбоо керек...

Даамдуу кызыл чай анын көңүлүн ачып, денесинин курушун тараткансыды. Ушул учурда өтүгүн тарпылдатып, кийими да, иреңи да чаң болгон бирөө кирип келди. Аны Кызылбаш өтүгүнүн дабышынан гана зорго тааныды. Жигиттин кара чапаны менен тебетейи бопбоз, иреңи көрдөн чыккандай купкуу, маңдайынан жана жаагынан аккан терлери суусу кургаган сайдай кашкайып калган. Көзү карышкырдыкындай кыпкызыл. Бул Боромбай эле.

— Ассаломалейкум? — Ал колун бооруна алып чөгөлөп отура калды.

Валейкум ассалоом!

Жол азабынан кыйналып, сүлдөрү гана калган жигиттин кебетесинен улам болуш чочугандай акырын гана сурады.— Жакшылыктын жьппааны барбы?

— Жок! Рарыбагыш козголуптур... Чабыш болуп солдаттар жеңди. Эл үрктү. Кытайга... Солто аман.

— Ажап болуптур! Аксарбашыл...— Кудайберген кудайга тобо кыла баштады.— Жигиттер, жигиттер!

Сырттан эки жигит энтелешип чуркап киришти.

— Ат токугула. Баарыңар мени ээрчигиле!

Ооруп жаткан болуш чайга карабай, шашылып кийимин кийип, керегедеги камчысын көздөй басканда чаалыгып, эси эңги-деңги болуп отурган Боромбай анын эмнеге кубанганын түшүнө албай, чапталыщкан көздөрүн ачуу үчүн аракеттенип, кирпиктерин төз-төз ирмей баштады. Бирок желим менен батталышкандай кирпиктери анын эркинен күчтүүрөк болду. Жабыла аттанышкан болуш жана жигиттеринин дүбүртү ага солдаттардан качып бараткан кыргыздарды элестетти... Боромбайдын көздөрү жумулуп, араа менен кыйылган теректен бетер салмак менен кыйшайып барып кулап калды.

— Байкуш ий, өлгөнү калган экен го...

БурУлкан аны кийизге жеткирүү үчүн эки колтуктан алып тартканда жигит ордунан козголбоду. Ошондо да башына жаздык коюп, үстүнө чапан жапты да, күйөөсү кеткен тарапка көз жүгүрттү. Жигитжалаңын ээрчиткен Кудайберген карамагындагы айылдарга барып, старчындарды жазалаган ээнбаштарды жигиттерине кердирип коюп сабатып, элге жарлык таратты:

— Кимде ким болуш менен падышанын буйругун аткарбаса, үй мүлкү таланып, өзү Сибирге айдалат. Журт, оң кулагыңар менен да, сол кулагыңар менен да уккула...

Уюшпаган чачкынды букаралар топ жигиттүү Кудайбергенге катыла алышпады.

Башка болуштар түгүл, падышанын төрөлөрү да бугуп калган көзде Кызылбаштын атка минип, айкырып чыгышын көргөн кишилердин бир катарлары «бул ушундай жолборс жүрөк, муну менен эрегишип болбойт» — дешип кеп кыла башташты.

* * *

— Пенде башка түшкөнүн көтөрүү керек. Эмне кылам десе кудайдын өз эрки. Мунусуна тобо.— Бостектин үстүнө чөк түшүп, колун бооруна алып отурган Субан өзүнчө күбүрөй баштады. Жалгыз уулу Абдыракман өлгөндөн бери карыянын көңүлүн комуз жана тынчы жоктугу гана күйүттөн алагды кылды. Жайыкышы дебей Султаналы менен кошо жарышып иштеп жүрүп, эки-үч жылдын ичинде саан уй, үч эчки күттү. Баарыдан да эгинге тоюнду. Абдыракмандан кийин тирүүлүктөн үмүтү үзүлгөн киши али да эл катарында кыбырап жүргөнүнө тобо кылбай кантсин.

Зуура көтөрүп келген отунун эшикке коюп, күрмөсүнүн чөпчарын күбүп жатканда үйдө үргүлөп отурган Субан көзүн ачып алды да: «Кандай жаның жай таппаган кишисиң» — деп айтабы деген ой менен сакалын көкүрөгүнө тиреп үргүлөй баштады.

Аялы эринин жосунуна кубанган жок. Мыйыгынан күлдү: «Мунусу да жакшы».

Бечара Субан кара жанын карч уруп жалчы болуп жүрүп, жандын рахаты жөнүндө билбей калган окшойт. Аялынын» бөзилдегенине болбой ушул убакка чейин өз үйүнүн төрүнө отура албайт, капшытта же улагада, калың төшөнбөй бир кабат кийиздин үстүндө гана чөк түшүп отурганы отурган. Эгерде Зуура болбосо, байкуш чал жашоо кандай экенин билбей жалчылыктын кесепети менен дүйнөдөн арманда өтмөк.

Ар бир кишиге, анын ичинде малайга да жашоо керек экендигин Субан Абдыракмандын өлүмүнөн кийин, айрыкча, өз алдынча тиричилик кылгандан кийин түшүнө баштады. Буга себепчи аялы. Аялынын өзүн да, сөзүн да сыйлагысы келип, ошону үчүн үргүлөп отурат.

Зууранын көзүнө чалы бир туруп алжыгансып, бир туруп баласындай ысык көрүнөт. Аксакалы жайкалып турса да, куулукшумдукту билбейт, аны сакалдуу бала деп атаса да болор эле. Бирок өмүрүнүн ичинде чалы менен тамашалашып көрбөгөн Зуура антүүдөн ийменет.

— Арманым чоң. Артыңда тукум болор туягың Жок. Кантейин! Бирок өзүм тирүү, он эки мүчөм соо болсо, сени кор кылбасмын, эркек баланын жоктугун билгизбесмин дегенсип, ал үргүлөгөн күйөөсүн жалооруй тиктеп туруп, коломтого төзек калай баштаганда эшик жактан шатыраган калың дүбүрт чыкты. Өнө бою жылкыда өскөн Субан көзүн ачып, алаңдап калды.

Калың дүбүрт дал үйдүн түбүнө келип токтогондо ууктары карсылдап, үзүк, туурдук сыйрылып, керегелер качырай баштады.

— Чап!

— Сыйры!

Субан эшикке чуркап чыга бергенде көк союл башына тийип телпектей учуп түштү. Эси чыккандан эмне кыларын билбей кудайлап, үйдүн ичинде арыбери чуркай берди.

Зууранын чыңырганын угуп, Султаналы балачакасы менен чуркап келип, арага түшмөкчү болгондо, Шадыбек старчындын камчысы аны тилге келтирди. Баканын ала чуркап, Шадыбекти чапмак болгон Атайды бир жигит артынан барып аты менен койдуруп өттү. Анын колундагы бакан Шадыбекке жетпей, аттын соорусуна тийди, Атай өзү жерге катуу жыгылып, тура албай калды. Аккыз жерде жаткан баланы камчыдан коргоо үчүн бакырып барып кучактай калды. Атай апасынын кучагында ыйлап жатып, маңдайы канга жуулса да, бетинен түгү чыгып, айбаттуу отурушкан Субан менен атасын көрүп, өзүнүн ыйлаганына намыстанды: кичинекей балага окшоп шолоктобоо үчүн көз жашын жеңи менен сүртүнүп, башын көтөрдү.

Боз үй бир заматта жер менен жексен болду. Союл кармашкан бир топ жигит үйдүн ичитышын артынып, өңөрүшүп, эшиктеги малдарды айдаган бойдон жөнөштү. Субандын үй-бүлөсү как талаада калды.
2010-07-19 18:44 Читать похожую статью
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • Контрольная работа
  • © Помощь студентам
    Образовательные документы для студентов.